Спикер: "Жогорку Кеңештеги коалицияны түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн түштөн кийин башталат"

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициясын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр бүгүн, 27-октябрда түштөн кийин башталат. Бул тууралуу спикер Чыныбай Турсунбеков билдирди. Ал белгилегендей, кечээ президент Алмазбек Атамбаев коалицияны түзүү укугун КСДП фракциясына берген. "Бүгүнкү жыйындын күн тартиби "фракция коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн" деп түзүлгөн", - деди спикер.

Мыйзамга ылайык, коалицияны түзүүгө мандат алган фракция 15 иш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп, премьер-министр кызматына талапкерди сунушташы керек. Эгер фракция бул убакыттын ичинде жүктөлгөн милдетти аткара албаса, анда мандат башка фракцияга берилет.

Эскерте кетсек, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болгон. КСДПнын лидери коалицияда саясий пикир келишпестиктер болгондон улам фракция мындай чечимге келгенин түшүндүргөн. Коалициялык көпчүлүк КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекен" фракцияларынан турган. Ал эми парламенттик оппозицияда "Республика-Ата Журт" менен "Бир бол" болгон. Альянска кирген КСДП менен "Кыргызстан" Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумду колдошкон, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" бул демилгеге каршы чыгышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан