Икрам Илмиянов башка кызматка өткөнүнө байланыштуу президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

Икрам Илмиянов Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү маалымдады.

Аны кызматтан бошотуу жарлыгына президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Илмиянов башка кызматка өткөнү айтылды. Кайсы кызматка которулганы азырынча белгисиз.

Икрам Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси кызматын 2015-жылдын ноябрынан бери аркалап келген. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Мурун Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеп, азыркы кызматтык деңгээлге жеткен Илмиянов президенттин эң жакын адамдарынын бири экени айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан