Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого карата БШК менен интернет басылмаларынын ортосунда меморандумга кол коюлду

Бишкекте бүгүн, 27-октябрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата Борбордук шайлоо комиссиясы менен интернет басылмаларынын ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюлду. Кол коюлган документтин негизинде маалымат булактары БШКнын шайлоого тийиштүү ишмердүүлүгүн чагылдырышса, БШК шайлоо мыйзамдарынын абалын жана башка маселелерди түшүндүрүү жаатында маалыматтык жана консультативдик колдоо боюнча өзүнө жоопкерчилик алды. Комиссия буга чейин шайлоонун жүрүшүн чагылдыруу боюнча аймактык ММКлардын өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлө турганын маалымдаган.
Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 11-декабрында өтөт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан