"Конституцияны өзгөртүү долбоорунун сырты Мерседес, мотору Волга, дөңгөлөгү Жигулиники. Мындай унаа алыска бара албайт". Мындай пикирди 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев айтып, Конституцияга киргизилип жаткан "жарандыктан ажыратуу" нормасы кооптуу экенин билдирди.
"Мындай укук Саддам Хусейнде гана болгон, эми бизде болгону жатат. Дүйнөдө башка бир дагы өлкөдө мындай норма жок. Бул норма кирип калса, оппоненттерге иш козгоонун, мандатынан ажыратуунун же кызматтан бошотуунун кереги жок. Жарандыктан ажыратып коюу жетиштүү болот. Бул адамдарды кулга айландырууга барабар. Дүйнөдө эки гана өлкөдө: Сенегал жана Непалда адам төрөлгөндө эле кул болуп төрөлөт. Биз ошол Африка өлкөлөрүнө теңелип калдыкпы? Конституцияны өзгөртүү долбоорунун сырты Мерседес, мотору Волга, дөңгөлөгү Жигулиники. Мындай унаа алыска бара алабы? Ушул мыйзам долбоорун кабыл алуу үчүн Роза Отунбаеваны "самозванка" атадык, "Кыргызстан" партиясын арак чыгаргандар менен ажылардын партиясы кылдык, "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракцияларын Акаев менен Бакиевдин тарапташтары кылдык. Акырында Конституциянын түп нускасын жоготтук", - деди Иманалиев.