Кыргызстан менен Орусиянын өкмөт башчылары энергетика, аскер жана финансы чөйрөсүндө түзүлгөн келишимди ишке ашырууну талкуулашат

22-23-апрель күндөрү премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Орусияда иш сапары болот. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди. Иш сапардын жүрүшүндө Ж.Сатыбалдиев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Анда соода-сатык, социалдык-гуманитардык кызматташуудагы актуалдуу маселелер, энергетика, күч түзүм жана финансы чөйрөсүндө түзүлгөн келишимди ишке ашыруу маселелери талкууланат. Премьер-министрдин иш сапарынын алкагында Орусияда соода-сатык жана экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча эл аралык кыргыз-орус комиссиясынын 15-отуруму болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан