Украинанын Одесса облусунун башчысы Михаил Саакашвили өз ыктыяры менен отставкага кетти. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, кызматтан кетүүсүн Саакашвили Украинанын бийлигиндеги жана аймактагы коррупциянын күчөп кетишинен улам максаттарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги менен түшүндүрдү. "Коррупционерлерден айрылган соң гана Одессаны өнүктүрө алабыз. Мен аябай чарчадым. Мени эч ким мынчалык аёосуз алдаган эмес. Мен отставкага кетип, күрөштүн жаңы этабын баштайм", - деди ал.
Саакашвили 2004-жылдан 2007-жылга чейин жана 2008-жылдан 2013-жылга чейин Грузиянын президенти болгон. 2015-жылы май айында ал Украинанын жарандыгын алып, Одесса облусунун губернатору кызматына дайындалган.