"Centerra Gold Inc." ("Центерра") жана "Кумтөр Голд Компани" ("Кумтөр") 2016-жылдын III чейрегиндеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 9 ай ичинде "Кумтөрдө" 350 198 унция же 10 892,38 кг алтын өндүрүлүп, 5 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөр которулган.
Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
2016-жылдын III чейрегинде "Кумтөрдө" 166 030 унция же 5 164,11 кг алтын өндүрүлгөн. Бул мезгил ичинде 1,6 миллион тонна кен иштетилген. Фабрикага келип түшкөн кендин курамында алтын орточо 4,11 г/т, ал эми ылгап алуу 81,4 пайызды түздү. 2016-жылдын III чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 164 847 унция же 5,13 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 220,2 миллион долларды түздү.
“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргыз алтын” ААКы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаардык аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргыз алтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргыз алтын” ААК гана ээ.
9 ай ичиндеги Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 5 миллиард сомдон ашты.
"Кумтөр" долбоору боюнча 2016-жылдын 9 айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр
“Кумтөрдүн” 9 айдагы өндүрүштүк жыйынтыктары толугу менен бул жакта.