Бишкекте бүгүн, 22-ноябрда Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтөт. Өкмөттөн билдиргендей, кыргыз тараптын өкүлдөрүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Тажикстан делегациясын өлкөнүн премьер-министринин орун басары Азим Иброхим жетектейт. Комиссиянын отурумунда кыргыз-тажик мамилесинин негизги маселелери талкууланып, жыйынтыгында комиссиянын тең төрагалары тарабынан биргелешкен протоколго кол коюлмакчы.
Комиссиянын мурунку отуруму бир жыл мурун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн.