MegaCom: Караколдо 2016-2017 жаңы тоо-лыжа сезону ачылды!

Тоо-лыжа менен эс алууну сүйүүчүлөр өзгөчө чыдамсыздык менен күткөн дагы бир кызыктуу иш-чара болуп өттү. Кеп Орто Азия аймагы боюнча мыкты деп эсептелинген "Каракол" тоо-лыжа базасынын расмий ачылышы тууралуу болмокчу. Салтка айланып калгандай эле, алдынкы ата мекендик мобилдик оператор бул спорттук-ден соолукту чыңдоочу иш-чарага башкы демөөрчү болду.

Айлананы ажайып кооздукка бөлөгөн кыш мезгилинин кабарчысы болгон алгачкы кар быйыл Караколго ноябрдын башында эле жааган. Сезондун ачылышына жолдогу кар тегизделип, чана тебүүчү жолдор, бөбөктөр үчүн атайын дөбөчөлөр даярдалып, эң башкысы, абдан кызыктуу көңүл ачуучу программа уюштурулду. Слалом-гигант боюнча мелдештер айрыкча кызыктуу болду көрүнөт. Кышкы спорттун бул түрү боюнча ат салышууну каалагандар: чоңдордон тарта бөбөктөргө чейин, профессионалдардан тарта жөн гана спорттун бул түрүнө кызыккандарга чейин катталып жатышты. Жыйынтыгында лыжа тебүү жана сноуборд категориялары боюнча сыйлыктардын төрт комплектиси ойнотулуп, жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталды:

Категория – лыжа тебүү, айымдар арасында

Мария Калюжная 22:07

Светлана Куприянова 22:33

Юлия Тенькова 22:85

Категория – лыжа тебүү, мырзалар арасында

Михаил Тимофеев 18:33

Дмитрий Панасов 20:31

Николай Хан 20:49

Жеткинчектер арасында өткөрүлгөн мелдештердин жыйынтыгы:

Тимур Шакиров 21:84

Рамазан Гапаров 22:03

Насыр Хуров 23:30

Категория – сноуборд, айымдар арасында

Алина Харитонова 24:05

Полина Репина 24:25

Анастасия Шерин 26:70

Категория – сноуборд, мырзалар арасында

Артур Андабаев 21:03

Алексей Репин 23:43

Рамиль Мифтахутдинов 23:66

Жеңүүчүлөрдү шлемдер, бут кийим салынуучу баштыктар, лыжа жана сноуборддор үчүн каптамалар, бафтар, MegaCom компаниясынан фирмалык азем белектер жана башка көптөгөн белектер күтүп жатты.

Таза абада уюштурулган иш-чарага мекендештерибиз менен бирге эле Казакстандан, Орусиядан, Өзбекстандан жана чет өлкөлөрдөн келген меймандар да катышты. Келген меймандар майрам мыкты деңгээлде уюштурулганын бир ооздон белгилешип, сөзсүз кайра келе тургандыгын айтып жатышты. Табигат да кышкы спорт оюндарына кызыккандарды мыкты белегинен куру калтырган жок.

Аба ырайы эс алуучулардын оюндагыдай болду. Иш-чаранын экинчи күнүндө кар себелеп жаап, ошол эле учурда күн чайыттай тийип, өз нурларына бөлөп турду. Эң жигердүүлөр көп сандаган сынактарга, оюндарга, эстафеталарга катышып жатышты.

"MegaCom компаниясы "Каракол" тоо-лыжа базасы менен биргеликте сезондун расмий ачылышын уюштурууну салтка айландырган. Быйылкы жылдын башкалардан өзгөчөлүгү MegaCom тарабынан "Интернет АР ДАЙЫМ" жаңы тарифин ишке киргизип, Жаңы жылды утурлай өз абоненттерине уникалдуу кызматты тартуулап жаткандыгында болсо керек. MegaCom менен бирге сергек жашоо образын тандаңыз жана активдүү болуңуз!" - деп белгилей кетти MegaCom компаниясынын коммерциялык директору Нурбек Ишекеев.

Ошентип, сезон да ачылды! Ар бир эс алуучу Караколдон өзүнүн көңүлүнө төп келген нерсесин таба алат: кар, фрирайд, адреналин, баш айландырган бийиктиктен ылдый түшүүлөр. Учу-кыйырына көз жетпеген кар ааламына чөмүлүп, таза абадан дем алуу жан дүйнөңдө ажайып сезимдерди, эргүүнү жаратат эмеспи. Үй-бүлөң жана досторуң менен кызыктуу эс алуу, андан алган таасирлериң менен бөлүшүү үчүн MegaCom мобилдик байланышы мыкты байланышты камсыздайт. Демек, фото жана видеолоруңузду ошол замат жөнөтө аласыз. Ал эми "IP-чалуу" аркылуу Орусия, Казакстан жана Өзбекстандагы жакындарыңыз менен баарлашуу бир кыйла арзан.

MegaCom – ишенимдүү байланыш оператору!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Kroxa
2016-11-30 19:41:00
Биздин Каракол мыктынын мыктысы жылда барып эс алабыз Капризге эн сонун....
+3
tyrgon
2016-11-30 20:03:09
Колдуктор жайда колдо куздо поляда кышта лыжа конькиде бирок жазда кайдасынар.
-1
flow23
2016-11-30 22:50:42
tyrgon, биз жазда да поледебиз, пайдасыз иштер менен силердей алектенбейбиз
-2
TPUMOl
2016-12-01 14:13:47
flow23,
Пайдасыз деп муну менен эмне мн алектенгендерди айттын?
-1
Bolunbo.kyrgyz
2016-12-01 09:21:42
Жакшы экен го бир барып келбесем
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан