Президент Алмазбек Атамбаев жакын арада эмгек өргүүсүнө чыгып, Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү боюнча стратегиясын жазарын айтты. Бул тууралуу өлкө жетекчиси 1-декабрда жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Президент бул ниети ишке ашарына ишенерин да кошумчалады.