Президент: "Мегакомду" баасы арзандай электе сатып жиберүү керек"

Президент Алмазбек Атамбаев "Мегакомду" эртерээк сатып жиберүүнү колдойт. Бул тууралуу өлкө жетекчиси 1-декабрда журналисттер менен жолугушууда билдирип, компаниянын баасы улам арзандап баратканын айтты. "Мегакомду" сата албай жатканы үчүн Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси алмаштырылганын, бирок дагы эле жыйынтык болбой жатканын кошумчалады.

"Премьерлик кызматка "Мегакомду" сата ала турган адамды дайындаш керек. Жолдорду курууга каражат керек", - деген президент Темир Сариевдин өкмөтүнө да аталган компанияны сатуу тапшырмасын бергенин, бирок ишке ашырбаганын эскертип өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан