"Манас" - кыргыз элинин улуу баатырдык эпосу. Дүйнө жүзү боюнча эң көлөмдүү деп эсептелет. Манастын тарыхта болгон-болбогону боюнча так жооп жок. Бирок анда айтылган айрым окуялар, каармандардын сүрөттөлүшү тарыхтын барактары менен окшошуп кетет. Так жооп болуш үчүн сюжетин изилдеп чыгуу талап кылынат. Эпос көпчүлүктү өзүнүн бай, көркөмдүү, мифологиялык сюжети менен кызыктырат. Аны токтоно албай айткан манасчылар эл оозуна алынып, алардын өзгөчө касиети таң калтырып келет.
Кыргыз элинин улуттук баалуулугу болгон эпос тууралуу кыргыз атуулу катары тийиштүү деңгээлде билесизби? Текшерип көрүңүз.