Чолпон Жакупова референдумда болгон кемчиликтерди атады

Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдун жыйынтыгын өтө кылдаттык менен иликтеп чыгуу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Жакупова билдирди.

Анын айтымында, референдумдун жүрүшү боюнча 4 нерсеге көңүл буруу зарыл. "Биринчиден, референдумга өтө аз адам катышты. Эгер буга чейин өлкөбүздө болгон референдумдар менен салыштырсак, кечээ кыйла аз шайлоочу добуш берди. Плебисцит жергиликтүү кеңешке шайлоо менен бир күндө болгонуна карабай шайлоочулардын басымдуу бөлүгү ага келген жок. Эл өлкөдөгү шайлоо процесстерине жана бийликтеги саясий партияларга болгон мамилесин көрсөттү", - деди Жакупова.

"Экинчиден, шайлоонун жүрүшүндө жабдуулар массалык түрдө бузулуп жатты. Демек, техника сапатсыз сатылып алынган жана операторлордун даярдыгы анча эмес болгон. Мындай жагдай сөзсүз түрдө укук коргоо органдары тарабынан текшерүүгө алынышы керек", - деп билдирди депутат.

Мындан тышкары Жакупова шайлоодо административдик ресурстун колдонулганы жана добуш сатып алуулар тууралуу пикирин айтты.

"Аскерлерди, студенттерди шайлоо тилкелерине ташып келүү фактылары байкалды. Бийлик муну иликтеп, ким административдик ресурсту колдонгонун аныктап, бул көйгөй менен күрөшүп жатканын далилдеши зарыл. Мындан тышкары добуш сатып алуулар орун алды. Бийликтеги партиялар добуш сатып алууга барышпайт, анткени алар административдик ресурсту пайдаланышат. Добуш сатып алууга оппозициялык партиялар административдик ресурс массалык түрдө колдонулуп жатканда гана айласыздан барышат", - деди депутат.

Ошондой эле ал айрым шайлоочулар тизмеден өздөрүн таппай калганына нааразычылыгын билдирди. "Жарандар жашаган жерин алмаштырбаса да, жергиликтүү шайлоо тилкелерине келип, тизмеден өздөрүн таппай, добуш бере албаган учурлар болду. Буга шайлоочулардын тизмелерин түзгөн Мамлекеттик каттоо кызматы жооп бериши керек", - деп сунуштады Жакупова.

"Бул маселелер качан чечилет? Өлкөбүздө көз карандысыз сот болгондо. Кечээки шайлоо соттун бийликтеги саясатчыларга баш ийерин көрсөттү. 2017-жылы президенттик шайлоодо өтө катуу күрөш болот. Ошондуктан биз, саясатчылар, референдумда кетирген каталардын үстүнөн иштеп чыгышыбыз зарыл", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан