2016-жылдын 20-декабрында "Эйр Манас" авиакомпаниясы "Манас" аэропортунан "Жуковский" аэропортуна алгачкы каттамын аткарат.
"Жуковский" аэропорту же анын башка аталышы "Раменское" аэропорту Жуковский шаарынын аймагында жайгашкан, "42 км" темир жол платформасынан түштүк-батышты көздөй 3 чакырым, Москва шаарынын борборунан (жалпы колдонулуучу жол) 36 чакырым алыстыкта. Европада эң узун учуруучу-кондуруучу тилкесине (5,5 чакырым) ээ болгон Жуковскийдеги эл аралык аэропорт Орусия Федерациясынын эксперименталдык, мамлекеттик жана жарандык авиациясынын биримдиктүү авиациялык борбору катары иштейт. 2016-жылдын аягына чейин аэропорт 350-400 миң жүргүнчүнү тейлээри пландалса, кийинки жылы 2 миллиондой жүргүнчү күтүлүүдө.
"Эйр Манас" авиакомпаниясы Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлиги тарабынан өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен Жуковский-Бишкек ("Манас") каттамы боюнча Кыргыз Республикасынын дайындалган ташуучусу болду. "Эйр Манас" Бишкектен "Жуковский" аэропортуна жумасына 7 жолу аткарылчу регулярдуу каттамдарга коммерциялык укуктарга ээ болду.
"Биздин авиакомпания Жуковскийге каттамдарды кубануу менен баштайт. Себеби бул компаниянын учуу географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү Кыргыз өлкөсүнөн да, Орусия Федерациясынан жагымдуу тарифтер менен камсыздоо, ошондой эле биздин башка Ош, Дели, Үрүмчү жана Кашкар багыттарына учуу мүмкүнчүлүктөрүнүн стратегиясына туура келет", - дейт "Эйр Манас" авиакомпаниясынын директору Юсуф Сердар Эрман.
Бишкектен учуу Бишкек убактысы боюнча саат 19:30да, Жуковскийдин аэропортуна саат 21:10до (Москва убактысы боюнча) конуу пландаштырылган. "Эйр Манас" авиакомпаниясы февралга чейин жумасына 2 каттам, февралда 3 каттам аткарууну, кийин каттамдарды дагы көбөйтүүнү пландоодо. Билеттердин баасы Бишкек-Москва багыты боюнча 79,99 доллардан, Москва-Бишкек багыты боюнча 69,7 доллардан жогору болот, ал эми эки тараптуу каттам үчүн 149,69 доллардан жогору. Каттамдар 189 орундуу (экипажды эсепке албаганда) Boeing 737-800 NG учактары менен аткарылат. Бишкек-Москва-Бишкек каттамдары боюнча билеттерди "Эйр Манас" авиакомпаниясынын www.airmanas.com сайтынан алуу мүмкүн. Ыңгайлуулук үчүн Москвадан "Жуковский" аэропортуна жана кайра келүү электричкаларынын жүгүртмөлөрүн колдонуу сунушталат (Казань бекетинен платформага чейинки убакыт жана маршрут), ал үчүн кийинки шилтеме менен өтүңүз: http://airport-zhukovskiy.ru/train.html.
***
"Эйр Манас" компаниясы тууралуу маалымат:
"Эйр Манас" ЖЧКсы - дайыма өнүгүп жаткан жергиликтүү авиакомпания, анын стратегиялык өнөктөшү Түркиянын авторитеттүү "Пегасус Эйрлайнс" авиакомпаниясы. Жергиликтүү авиаташуучу Бишкек-Стамбул каттамы боюнча маршрутун 2013-жылы баштаган. Бүгүнкү күндө каттамдардын географиясын жергиликтүү Ош шаарына болгон каттамдардан тышкары Орусия Федерациясына, Индияга жана Кытайга чейин кеңейип, ошону менен бирге Москва, Үрүмчү жана Делиге регулярдуу түрдө каттамдар аткарылып турат. Компания жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүү тарифтерде (Low Cost - төмөн тарифтер форматы), учууларда техникалык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу жана жарандык авиациянын секторуна жогорку стандарттарды киргизүү менен иштейт. Учуу - ар бир жарандын укугу!
Булак: "Эйр Манас" авиакомпаниясынын PR-кызматы.