Бүгүн, 19-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Таш-Көмүр шаарында көмүр казган 4 адамды шахта басып калды. Экөө кырсык болгон жерден каза таап, экөө куткарылып, учурда Таш-Көмүр шаардык ооруканасында жатат. Жаракат алгандардын бирин куткаруучулар кырсыктан 2 саат өткөндөн кийин алып чыгышса, экинчиси 11 саат уранды алдында жатып аман калды. Каза болгондор да, жаракат алгандар да жергиликтүү жашоочулар. Таш-Көмүр шаарынын аймагында жайгашкан көмүр кени - жергиликтүү элдин киреше булагы. Бирок көмүр атайын талаптарды сактап, техникалардын жардамы менен эмес, жергиликтүү жашоочулардын кара күчү менен казылып алынат. Жарандар өмүрүн тобокелге салып өз алдынча жүздөгөн метр тереңдиктен көмүр казышат. Убагында жеке колго өтүп кеткен көмүр тилкелеринде бүгүн жүздөгөн адам үй-бүлөсүн багууда. Тийиштүү мамлекеттик органдар коопсуздук чараларын күчөтпөсө, мындай кырсыктар дагы кайталанышы толук мүмкүн. Минтип өз алдынча, эч кандай техникалык коопсуздуксуз, камсыздандыруусуз иштөөдө негизги жоопкерчилик жарандардын өзүндө кала берет. Эң биринчи кырсыктан өздөрү сактанып, жагымсыз окуялардын алдын алышы керек. Бирок бул өз алдынча кен казгандарды мамлекет сырттан карап тура берсе болот дегендик эмес. Мамлекет жасай турган иштердин бири - мындай кендерди иштетүүгө инвестор таап, аларга тийиштүү талаптарды коюп, жергиликтүү элди ишке тарттыруу. Азыркы учурда өз алдынча кен казып жаткандар инвестордун колунда иштей баштаса, мындай кырсыктардан алыс болмок. Анткени инвестор азыркыдай тобокел шартта иштебейт, адегенде техникалык жана башка шарттарды түзөт. Инвесторлордун артынан жаңы иш орундары түзүлмөк. Мындай кырсыктардын жылда кайталанганы өкүнүчтүү. Өз алдынча кен казуу коркунучтуу экенин далилдеген дагы бир кырсык 2016-жылдын ноябрында Чаткал районунда да болгон. Терек-Сай айылында шахталардын биринде сурьма казып жаткан 17 жаштагы баланы жер кыртышы басып калып каза тапкан. 2015-жылы Сүлүктү шаарында 1 адам шахта басып калып көз жумган. 2013-жылы Баткендин Самаркандек айылында 3 адамды шахта басып калып, экөө табылбай калган. Булар коомчулукка жарыяланган айрым фактылар гана. Акыркы убакта жер титирөөлөр бат-баттан кайталанып жатат, бул нерсе дагы өз алдынча кен казгандардын коркунучун эки эсе күчөтөт. Бирок калктын коопсуздугун камсыз кылыш керек болгон мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтө албай жатат...
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган жергиликтүү кеңеш депутаттарына төш белги жасоо боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, 9 миң депутатка төш белги жасоого 3 миллион 420 миң сом жумшалганы жатат. Мындан тышкары депутаттарга кызматтык күбөлүк жасоого 1 миллион 300 миң сом сарпталат. Баары биригип 4 миллион 720 миң сом же алгачкы жарыяланган суммадан бир аз азыраак. Тендерге 11 компания катышып, сунуштаган баасынын кымбаттыгы боюнча 4-орунда турган компания жеңүүчү аталган. Катышуучулардын арасында 9 миң төш белгини 675 миң сомго жасап берүүнү сунуштагандары да болгон, бирок БШК негедир кымбатын тандады. Республикалык бюджеттин оор абалына БШКнын башы оорубайт сыягы. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө бюджеттен миллиондор жумшалып кеткени боюнча сын-пикир бүтө электе дагы бир ири чыгымга жол берилгени турат. Жакында парламент 2017-жылдын республикалык бюджетин 23 миллиард 321 миллион 900 миң сом жетишсиздик менен кабыл алды. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында жергиликтүү кеңештердин жаңы шайланган депутаттарына кызматтык күбөлүк жана алтын жалатылган төш белги жасоого 6,3 миллион сом жумшалары тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылган эле. Депутаттарга 4,5 миллион сомго 9 миң төш белги, 1,8 миллион сомго 9 миң күбөлүк жасалары айтылган. Тендердин жыйынтыгында төш белги жасатуудан 1 миллион 080 миң сом, кызматтык күбөлүк жасатуудан 500 миң сом үнөмдөлө турганы белгилүү болду. БШК "1 миллион 580 миң сом үнөмдөлдү" деп жатат, бул үнөмдөө элди сүйүнтүп жибербейт...
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев расмий иш сапары менен Индияга барды. Иш сапардын алкагында президент Индиянын президенти Пранаб Кумар Мукержи, премьер-министри Нарендра Моди менен жолугат жана Кыргыз Республикасы-Индия бизнес-форумуна катышат. Жолугушуу жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы экономикалык, саясий кызматташтык калыптанган. Кыргыз мамлекети аталган өлкө менен аскердик кызматташтыкты жандантууга да кызыкдар. Мисалы, быйыл Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтү менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам кабыл алынып, эки тараптуу келишим ратификацияланган. Келишимде Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосунда өлкөлөрдүн коргоо мекемелеринин жолугушууларын өткөрүү, аскердик багытта тажрыйба алмашуу жолдору такталган. Аскердик билим берүү жана биргеликте аскердик машыгууларды өткөрүү жагы да каралган. Айрым оорулар боюнча кыргыз жарандары Индияга барып операция жасатып келишүүдө. Андыктан саламаттыкты сактоо тармагында алаканы жакшыртуу маанилүү жагдайлардын бири. Өлкө жетекчиси Өзбекстандын Самарканд шаарына да иш сапары менен барары айтылууда. Президенттин иш сапарларынын баары маанилүү, бирок кыргыз эли коңшу өлкөгө жасалчу сапарына кызыгуу артууда. Бул сапар Атамбаевдин Өзбекстандын президенти алмашкандан кийин коңшу өлкөгө жасаган биринчи иш сапары болот. Андыктан ал коңшу өлкө менен мындан аркы кызматташтыктын багытын аныктайт...