2002-жылы 20-декабрда ошол кездеги президент Аскар Акаевдин 2003-жылды "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы" деп жарыялоо демилгеси Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жактырылган. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрында өткөн 57-сессиясынын 78-жыйынында "2003-жыл - Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы" жана "2002-жыл - Эл аралык тоо жылы" деп жарыялоо туурасындагы Кыргыз мамлекетинин сунушу кабыл алынган.
20-декабрга карата жылнаама.