MegaCom 4G LTE түйүнү Ош облусунун 14 калктуу конушунда жана Чүй облусунун 7 айылында ишке киргизилди

Өлкөнүн алдынкы мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн каптоо аймагын кеңейтип келүүдө. Эми MegaCom 4G-интернети Ош облусунун Кара-Суу шаарында жана Султан-Абад, Ынтымак, Присавай, Кашкар-Кыштак, Кызыл-Мехнат, Тажик-Махалла, Нариман, Алим-Тепе, ВЛКСМ, Нурдар, Кыргыз-Чек, Киров жана Тельман айылдарында, Чүй облусунун Мал-Табар, Орто-Суу, Полтавка, Калинин, Петровка, Ак-Суу жана Новониколаевка сыяктуу дагы 7 айылында жеткиликтүү болуп калды.

Техникалык бөлүмдүн адистеринин үзгүлтүксүз аракети да өз жемишин берүүдө. Башкача айтканда, Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кант, Кара-Балта жана Токмок шаарларынын, Чүй облусунун Военно-Антоновка, Константиновка, Новопокровка, Люксембург, Сокулук, Шалта, Котовское, Гавриловка, Беловодское, Садовое, Романовка, Александровка, Ак-Жол, Татыр, Жайыл, Петропавловка, Виноградное айылдарынын жана Ысык-Көл облусунун 7 айылынын: Бостери, Чоң-Сары-Ой, Булан-Сөгөттү, Бактуу-Долоноту, Кара-Ой, Чок-Тал жана Бает айылдарынын тургундары да заманбап технологиядан колдоно алышат.

4G түйүнүнүн каптоо аймагы жана сиздин телефонуңузда LTE`ни активдештирүү, «Чектөөсүз 4G» тарифи, «4G модемди акысыз ал» жана «4G Wi-Fi роутерди акысыз ал» аракеттеги акциялары тууралуу толугураак маалымат менен megacom.kg сайты, *500 номуру жана Facebook, Instagram, Twitter, Одноклассники социалдык тармактарындагы расмий баракчалары аркылуу таанышууга болот.

MegaCom 4G LTE түйүнү менен чыныгы ылдамдыкты сез!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
Erlan_95
2016-12-21 13:32:45
Бут озбек орустар жашаган айылдарго
+6
Azizbek.kg8
2016-12-23 02:53:56
Erlan_95,вай акажан дегендирда ала топучан
0
Romantik.
2016-12-21 13:48:31
Туура жалан Озбек айылдарго
+5
aidaraidai11
2016-12-21 14:30:29
Жалал абадга да келсе экен аксы районуна
+2
kani-esen
2016-12-21 16:32:41
Бул оштогу айылдар жалан озбекче аталат го. Кыргызчага качан которулат.
+4
Abubakir05
2016-12-22 09:15:17
kani-esen,Бишкекте жалан орусчаго аны которбойбу кыргыз атка Кыргыздын белгилуу инсандары жетиштуу элего
+3
Bolunbo.kyrgyz
2016-12-21 16:51:58
Белайн интернет ылдамдыгы ото начар. мегаком кымбат экен. Ошка ото сонун баасы да ылдамдыгы да жакшы. Ошка бул менин жеке пикирим
0
Aksy.24kg
2016-12-21 17:02:41
Эй айланайын Mega Com Жалал-Абад облусунун Аксы районун Жаны-Жол айылына койгулачы.Жок дегенде 3G болсо жакшы болот эле ..
+3
Freedom07
2016-12-22 12:40:30
Aksy.24kg,туура аксыга коюш кереп
0
Michelangelo
2016-12-21 18:40:52
Туугандар баары мегаком которушот, ошого озбек айылдарына койгонго..
+2
Topchu83
2016-12-21 21:00:14
Биздин айылда MegaCom жана Beeline туйуну бар "О"туйуну жок. Интернет ото жай иштейт кеч киргенде WhatsAppтан жазганын да кетпей коёт, ушул 3 компаниянын кимиси болсода айылдарга 3G орнотсо элдердин копчулук болугу ошол компанияга отсо керек жана компаниялар кетирген чыгашаларын актаса керек эле.
0
Mirzohidjon
2016-12-21 22:16:22
Тундукто жалаң орусча айылдар
+2
civic93
2016-12-22 00:34:21
Megacome Тоомоюнга да хотя бы 3G койуп бергилечи.
0
Best.bakyt
2016-12-22 09:29:06
Оштун айылдарынын аттары кантет айланайын.Ушинтип кыргыз оз баркыбызды озубуз кетирип атабыз да.Болбосо оз жерибиздин аттарын оз тилибизде которуп койуш кыйын деле эмес го туугандарым.Ооз коптуруп ойду тоону суйлогончо ушул маселелерди которсонор кантет.
0
Jarkynai25
2016-12-22 09:32:19
Ошол озбек айылы кашкар кыштак айылынын жанында Кенжекул деген кыргыздар жашаган айыл бар, неге ал айылга жеткиликтуу эмес? Жалан озбектер жашаган аймактарда.
+2
kai42444
2016-12-22 10:39:25
Ала-Букага да келсего megacom 4G beeline 4G биздин тереторияда megacom дун 3G синен да акырын иштейт
0
meni_kut
2016-12-22 12:15:05
Best.bakyt,чуйдогу орусча аталган айылдарды котор биринчи.
-1
meni_kut
2016-12-22 12:17:03
Константиновка, Новопокровка, Люксембург, Котовское, Гавриловка, Беловодское, Садовое, Романовка, Александровка, Петропавловка, Виноградное
-1
Best.bakyt
2016-12-22 12:55:34
meni_kut Чуй, Ысык Кол айылдары небак толугу менен эски кыргызча аттарын алган ука-пукам
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан