"Эйр Манас" авиакомпаниясы арышын кең таштап, каттамдардын географиясын улам кеңейтип жатат. Эми Москвадан мекенине же мекенинен Москвага сапар алган Кыргыз мамлекетинин жарандары кезек күтүшпөйт. 20-декабрда "Эйр Манас" авиакомпаниясы "Манас" аэропортунан "Жуковский" аэропортуна алгачкы каттамын аткарды. Авиакомпания буга чейин Москва шаарына каттамдарын жалгыз гана "Домодедово" аэропорту аркылуу аткарып келген.
"Жуковский" быйыл май айында ишке кирген. Бүгүнкү күндө аэропорттон Орусиянын аймагына жана КМШ өлкөлөрүнө каттамдар аткарылат. Аэропорт Москва шаарынын борборунан (жалпы колдонулуучу жол) 36 чакырым алыстыкта. Жол издеп, такси карап убара болууга негиз жок. Аэропорт "шаттл-бас" кызматын ишке киргизген. Автобустун баасы 79 рубль.
Учурда 5 авиакомпания менен келишим бар. Алардын бири - "Эйр Манас". Бул авиакомпания менен макулдашууга жакын арада гана кол коюлуп, 20-декабрда алгачкы каттам аткарылды.
Каттам 2017-жылдын февраль айына чейин аптасына эки ирет аткарылат, бара-бара каттамдардын саны артат. Бардык каттамдарды 189 жүргүнчү батыра алган Boeing 737-800 NG учагы аткарат. Кыргыз жарандарын кубантчу жаңылык: билеттин баасы эки тарапка 149 доллардан (10 300 сом) башталат.
"Эйр Манас" авиакомпаниясы - аталган аэропорттон чет өлкөгө каттам аткарган алгачкы чет элдик компания. Аэропорттун жетекчилиги дал ушул авиакомпанияга "Жуковский" аэропортунан Кыргызстанга учуу үчүн эл аралык каттамга уруксат берген. "Рампорт аэро" ишканасынын башкы директору Томас Вайшвила (сүрөттө: оңдон экинчи) буга катар өлкөбүздүн жарандарынын учуусуна да ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.
"Эйр Манас" бүгүнкү күндө Ош, Москва шаарларынан тышкары Индияга жана Кытайга да каттамга чыгат. Компания жүргүнчүлөр үчүн жеткиликтүү тарифтерде (Low Cost - төмөн тарифтер форматы), учууларда техникалык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруу жана жарандык авиациянын секторуна жогорку стандарттарды киргизүү менен иштейт.
Учуу - ар бир жарандын укугу!