Мындан 10 жыл мурун, 2006-жылы 30-декабрда 24 жыл (1979-2003) бийликте турган Ирактын 5-президенти Саддам Хусейн дарга асылган. Анын өлүмүнө өзүнүн адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон.
Күбөлөрдүн айтымында, дарга асууда Саддам эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бир гана колундагы Куран китебин өзүнүн досуна берүүнү жана өлүм жазасын аткарууда башына кап кийгизбөөсүн суранган. Өлүм алдында акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тартып, "Жараткандан башка Кудай жок жана Мухаммед анын элчиси" деп келме келтиргенин Ирактын премьер-министринин кеңешчиси билдирген. Анын айтымында, “биздин улут жеңет жана Палестина арабдардын гана аймагы болот” деген сөздөр Саддамдын оозунан акыркы мүнөттөрдө чыккан.
2006-жылдын 5-ноябрында Ирак соту Саддам Хусейнди 148 ирактык шииттер кырдырылган чейрек кылымдай мурунку окуя боюнча адамзатка каршы жасаган кылмышы үчүн айыптуу деп таап, дарга асууга өкүм кылган. 26-декабрда Ирактын арыз караган соту Саддамга карата чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырган.
30-декабрга карата жылнаама.