Кытайдын Ченду шаарындагы Дуцзянъянь панда борборундагы чоң панда аны көрүп келгендер менен сүрөткө түшүүдөн эч качан баш тартпай, камерага рахаттануу менен түшөт. Бул тууралуу "Bored Panda" басылмасы жазат.
Сүрөттөргө панда камерага жөн эле карап турбастан, кызыктуу жана жагымдуу болуп көрүнүү үчүн тумшугун алдынкы бутуна коюп, жылмайып, тамашалуу түшкөн. Борбордогу пандалар кароолчулардын смартфондоруна сүрөткө түшүүнү жактырышары 2016-жылдын март айында билинген. Анда башка панда селфиге түшөрдө адамды кучактап алган.
Дуцзянъянь илимий-изилдөө борбору пандалардын санын көбөйтүү үчүн 2011-жылы негизделген. Учурда ал жакта 108 панда багылат.