Жогорку Кеңештин жаңы депутаты ант берди

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан жаңы депутаты Айнура Осмонова ант берди. Спикер Чыныбай Турсунбеков Осмонованы депутаттардын атынан куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. "Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө" мыйзамга ылайык, депутат ант бергенден кийин ишине расмий түрдө киришет.

Айта кетсек, Айнура Осмонова Искендер Кадыркуловдун ордуна келди. Кадыркулов 3-февралда депутаттык мандатын тапшырган. И.Кадыркулов "Түндүк электр" ишканасынын башчысы болуп дайындалды.

Айнура Осмонова буга чейин "ЭкоИсламикБанк" жабык акционердик коомунун Жалал-Абад шаарындагы филиалынын жетекчиси кызматын ээлеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан