Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштама боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы 10-февралда билдирүү таратты.
Белгилүү болгондой, кызматтан алуу боюнча сунуштама учурда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун кароосунда турат. "Тайырбек Сарпашевдин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кызматында туруу мүмкүндүгү боюнча чечим маселе тийиштүү тартипте иликтенген соң кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Бишкекте Бакиевдерге таандык жер тилкесин аресттен чыгаруу боюнча сот чечимин аткарууну айтып Сарпашев 2016-жылдын ноябрында Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына тапшырма бергенин маалымдаган. Прокуратура Сарпашевди кызматтан бошотуу сунушун айтып премьер-министрге кат жолдогон.