Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын жыйынында депутат Иса Өмүркулов Экономика министрлигинин ишине нааразы болду.
"Улутташтырылган объекттер боюнча маселени тереңден кароо керек. Экономика министрлиги кайда? Эмнеге ал ишканалардын келечектери, натыйжалуулуктары боюнча анализ бербейт? Ишканалардын абалы белгисиз. Кимдир бирөө Кадамжайга же Айдаркенге барып келдиби? Ооба, бүгүн сымаптын кереги жок, бирок сурьмага суроо-талап бар. Анда эмнеге маселени иликтеп карабайбыз, эмнеге ишканаларга анализ бербейбиз?" - деп суроо салды фракция лидери.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө баары эле "мамлекет начар менеджер" деп көнүп калышкан.
"Мамлекеттик ишканаларды канча адам башкарып жатат? Экономика министрлиги, Мамлекеттик мүлк фонду жана Директорлор кеңеши. Образдуу айтканда, чабандар көп, койлор арык, балким, өлүп деле калышты", - деди Өмүркулов.
КСДП фракциясынын жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишмердиги, улутташтырылган объектилердин абалы боюнча маселе каралды.