12-февралда өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен Франк-Вальтер Штайнмайер Германиянын президенти болуп шайланды. Бундестаг депутаттарынын жана 16 аймактын өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү Штайнмайерге добуш беришкен. Ал буга чейин тышкы иштер министри болуп иштеген жана 2017-жылдын январь айында отставкага кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Штайнмайердин президент болушу Социал демократтар партиясынын позициясын бекемдейт. Германиянын канцлери Штайнмайерди колдогон эмес, бирок канцлердин партиясы (Германиянын христиан демократтар союзу) татыктуу талапкерди көрсөтө алышкан жок. Быйыл Германияда парламенттик шайлоо өтөт, анда социал-демократтар партиясы Меркелдин партиясына башкы атаандаш болушат.
Германияда бийлик ыйгарым укуктарынын дээрлик баары канцлерде болгону менен, президенттик кызмат моралдык бийик даража катары саналат. Франк-Вальтер Штайнмайерди аталган өлкөдөгү белгилүү саясатчы деп таанышат.