Алмазбек Атамбаев менен Абдил Сегизбаев өлкөдөгү кырдаалды талкуулашты

Президент Алмазбек Атамбаев 13-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Жолугушууда мамлекет башчыга өлкөдөгү азыркы кырдаал, улуттук коопсуздукту камсыздоо иши тууралуу маалымат берилгенин билдирди президенттик аппарат.

Сегизбаев терроризмге каршы күрөшүү иштери жөнүндө айтып берди. Өлкө жетекчиси менен УКМК башчысы мамлекеттин жана элдин коопсуздугун камсыздоо, террористтик жана экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү боюнча мындан аркы пландарды да талкуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан