Зайырбек Эргешов (сүрөттө) Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун 13-февралда президенттик аппарат кабарлады.
Аталган комиссияны 2014-жылдын январынан 2016-жылдын ноябрына чейин Орозбек Молдалиев жетектеген.