"Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратурага суракка чакырылды. Маалыматка таянсак, депутат 15-февралга чакырылган. Бирок убакыт тартыштыгынан суракка бара албасын Текебаев журналисттерге билдирди.
Айта кетсек, кечээ Өмүрбек Текебаев: "Менин Кипрдеги досторум Атамбаевдин бизнес кызыкчылыктарын таап берүүнү убадалашты. Бардыгына белгилүү болгондой, мен Атамбаевдин жеке ишкердигин иликтеп жатам. Азыркыга чейин кээ бир маалыматтарды таптым. Кипр - бул жөнөкөй арал эмес, бул офшордук аймак. Белиз алыс, Кипр болсо жакын. Кипрге мен жеттим. Менин оюмча, Атамбаевдин үй-бүлөсүнүн сырларын ачыкка чыгаруу жолундамын", - деп билдирген эле.
Мындан кийин президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага Текебаевдин чет өлкөдөгү мүлк боюнча билдирүүсүн иликтөөнү тапшырган. Сурак ушул маселе боюнча болору белгилүү болду.