Бакыт Жусупов Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчиси, КРнын ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 15-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бакыт Жусупов Тышкы иштер министрлигинин коллегиясынын мүчөсү. Буга чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болгон.