Президент "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" мыйзамга кол койбой артка кайтарды

Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев "Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө" мыйзамына каршы пикир билдирип, макулдашылган вариантты иштеп чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке кайтарды.

Президенттин каршы пикиринде мыйзамдагы так эмес терминдерди пайдалануу жана баяндоолордун түшүнүксүздүгү мыйзамды ишке ашырууда көйгөй жаратып, мамлекеттик органдардын ишинде чечилгис карама-каршылыктарга алып келиши мүмкүн экенин айтылат.

Мыйзамдын максаты - кызмат адамдарын коррупцияга түрткөн кырдаалдардын санын азайтуу эле. Бул мыйзам күчүнө кирсе, мамлекеттик кызматкерлерге, саясий, административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдарга 1 миң сомдон жогору бааланган белектерди алууга тыюу салынмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан