Мындан 77 жыл мурун, 1940-жылы 19-февралда Түркмөнстандын тунгуч президенти Сапармурат Ниязов Ашхабад шаарында төрөлгөн. 1985-жылы Түркмөн ССРинин Коммунисттик партиясынын биринчи катчысы кызматына дайындалып, 1992-жылы эгемен Түркмөнстандын биринчи президенти болуп шайланган. 1994-жылы жалпы элдик референдум аркылуу Ниязовдун президенттик ыйгарым укуктары 2002-жылга чейин узартылган. 1999-жылы Түркмөнстандын Элдик Кеңеши (парламент) Ниязовдун өмүр бою президент болушуна токтом кабыл алган.
2002-жылы ноябрь айында С.Ниязовдун өмүрүнө кол салуу болгон. Жүк ташуучу унаадан президенттин кортежине ок атылып, жыйынтыгында эч ким жабыркаган эмес. Президент бул окуяга түркмөн аткаминерлеринин катыштыгы бар экенин айткан. Түркмөнбашы 2006-жылдын 21-декабрында жүрөгү токтоп, дүйнөдөн кайткан.
С.Ниязов ажо катары өзүнүн тышкы жана ички саясатын "Түркмөнстан - эл аралык деңгээлдеги тарапсыз өлкө" деп жарыялоо менен баштаган. Ал өз өлкөсүндөгү эң жогорку наам "Түркмөнстандын Баатыры" жана "Алтын ай" алтын медалын биринчи болуп алган.
19-февралга карата жылнаама