7-мартта Орусиянын премьер-миниcтри Дмитрий Медведев Бишкекке келет. Бул тууралуу орусиялык басылмаларга президенттин жардамчысы Юрий Ушаков билдирген.
Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумуна катышууга келет.
Эске салсак, Медведев Кыргыз жергесине 2016-жылдын 6-июнунда иш сапары менен келген. Анда Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин мааракелик жыйыны өткөн.
28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргыз мамлекетине келүүсү күтүлүүдө