Паракорлук боюнча айыпталып, өзүн асып алган МАИ кызматкери Айбек Эшбаев акталды

Бүгүн Бишкек шаардык соту пара алган деген шек менен айыпталып жаткан МАИ кызматкери маркум Айбек Эшбаевди актоо чечимин чыгарды. Бирок сот аталган жаранды "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Буга анын жактоочусу К.Загибаев макул эмес жана Жогорку Сотко кайрыла турганын билдирди. Айта кетсек, Айбек Эшбаев 2012-жылы февраль айында жол кырсыгына күнөөкөр адамдын кылмышын жаап салуу үчүн 100 доллар пара талап кылган деген шек менен камакка алынган. Көп өтпөй аталган жаран өзүн асып каза тапкан.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан