Интернетке Өмүрбек Текебаевге кылмыш ишин козгоого негиз болгон Маевскийдин билдирүүсү тарады

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Бүгүн, 25-февралда интернетке орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү тарады. Анда ал 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн биринчи орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин айтат.

"2010-жылдын май айында Бишкектеги таанышым Алексей Модин аркылуу "Мегакомду" сатып алуу боюнча Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотонов кайрылды. Бул маселени талкуулоо үчүн Бишкекке келип, алгач Текебаев менен расмий жолугуштук. Кийин анын сунушу менен "Хаят" мейманканасында да сүйлөшүү жүрдү. Анда Кыргыз рыногуна кириш үчүн миллион берүү керек экенин Текебаев менен Дүйшөнкул бир канча жолу айтышты. Мен ойлонуп көрөйүн дедим. Июнь айынын алгачкы күндөрүндө Текебаев Москвага келип, жогорудагы маселе боюнча дагы сүйлөшүп, 1 миллион доллар берүүгө макул болдум. Июнь айынын акырында Бишкекке келип 300 миң доллар, кийин 700 миң доллар бердим. Бирок алар мурда берген убадаларын аткарышкан жок. Эгер "Мегаком" 300 миллион долларга сатылса 10 пайызын, 350 миллион долларга сатылса 15 пайызын биз алабыз дешти. Мен сатып алуу иштери ачык болуш керек экенин айтып, ал сунушка макул болгон жокмун. Мындан улам мурда берген бир миллион долларды талап кыла баштадым. Декабрь айында Бишкекке келип Текебаев менен жолукканымда ал сумкама баңгизат салып коёрун, мени каматып саларын айтып коркутту. 2010-жылы "Мегаком" дээрлик жарым миллиард долларга бааланган. 2016-жылы 200 миллион долларга эч ким сатып албай койду", - дейт Маевский өз билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, бүгүн депутат Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан