УКМК: "Өмүрбек Текебаев козголгон кылмыш иштин негизинде кармалды"

Тектеш кабарлар: Текебаевге каршы кылмыш иши козголду (51 материал)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча билдирүү таратты. Анда Текебаев Башкы прокуратура тарабынан "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганы айтылат.

"Өмүрбек Текебаев бүгүн, 26-февралда Стамбулдан учуп келери менен кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн УКМК имаратына алынып келинген. Учурда ал УКМКнын СИЗОнун убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Өмүрбек Текебаевди УКМК кызматкерлери кармап кетишкенин билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан