"Ала-Тоо" аянтында Текебаевдин камалышын талап кылган митинг болгон жок. Митинг белгисиз мөөнөткө жылдырылганын SUPER.KG порталына экс-депутат Мээрбек Мискенбаев билдирди. Анын айтымында, мындай чечим Текебаевдин колдоочулары менен ага каршы чыккандардын ортосунда уруш-талаш чыгып кетпеши үчүн кабыл алынган.
Айта кетсек, М.Мискенбаев баш болгон "Айкөл Ала-Тоо" бирикмесинин өкүлдөрү бүгүн митингге чыгарын маалымдашкан. Учурда Өмүрбек Текебаевдин колдоочулары Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрүп жатышат. Алар Ө.Текебаевди бошотууну талап кылышууда.