Бүгүн, 28-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда эки тараптуу кызматташуу боюнча үч документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алар:
- Кызматташуу боюнча Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин билдирүүсү;
- 2015-жылдын 31-мартында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин алкагында Кыргыз мамлекетине техникалык жардам көрсөтүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Орусиянын керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча кызматтын жугуштуу оорулар менен күрөшүү боюнча кызматташуу меморандуму.