Садык Шер-Нияз спикерден УКМКнын төрагасы, Башкы прокурор жыйынга качан келерин так айтуусун талап кылды

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин төрагасынан УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, башкы прокурор Индира Жолдубаева качан келе турганын так айтуусун талап кылды.

"Саат канчада келе турганын так айтыңыз!", - деп Садык шер-нияз парламенттин жыйынында спикер Чыныбай Турсунбековго кайрылды.

Ал эми Турсунбеков алар 11:15те келе турганын айтты. "Келгенче башка маселени карай берели. "Чый-пыйыңыз" чыкпай турсун алар келет", - деди төрага.

Бүгүн, 1-мартта парламенттеги жыйында депутаттардын сунушу менен УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, Башкы прокурор Индира Жолдубаева Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча маалымат угуу үчүн чакырылган. 80 депутат каттоодон өтүп, 79у "макул", бирөөсү "каршы" добуш берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан