Парламентте депутат Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевдин камалышы боюнча билдирүү жасады. Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын анын депутаттык ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратпай турган шартка өзгөртүүнү сунуштады. Мыйзамсыз аракеттерге көз жумуу - кийинки президенттикке талапкер болчуларга саясий куугунтукка жол ачып бериши мүмкүн экенин эскертти Шыкмаматов.
Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.