"Текебаевге пара бердим" деген Маевскийдин өзү эмнеге күнөөлөнбөй жатканы айтылды

Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бердим деген орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин (сүрөттө) өзү кылмыш ишинин катышуучусу катары айыпталган жок. Маалымат 1-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Депутаттар эмне үчүн Маевский өзү кылмыш ишинин фигуранты катары каралбай жатканын сурашты эле УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен башкы прокурор Индира Жолдубаева так жооп айта алышкан жок. "Азыркы учурда Маевский арыз жазган адам. Статусу - жабырлануучу", - деген гана жооп айтылды.

Парламентте Текебаевдин кармалышы талкууланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан