Асылбек Жээнбеков: "Мыйзамдын астында кыпындай күнөөсү болсо жазалаш керек"

"Мыйзамдын астында кыпындай күнөөсү болсо жазалаш керек", - деп парламентте КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, акча берген адам болбосо кылмыш иши козголбой калмак.

"Маевский "убагында бул адамдар бийликте болчу" деп айтып жатат. Ал кезде көрсөтмө бергенден коркуптур. Биз болсо бүгүнкү күндө ошол адамды жазалаш керек деп жатабыз. Эгерде мыйзамдын астында кыпындай күнөө болсо баарын жазалаш керек. Качан элибиз тынч жашаган, бийликке таза, түз адамдар келет? Текебаев саясатта 25 жылдан бери жүрөт. Бирок президент, депутат же жөнөкөй жаран болобу мыйзам баарына бирдей. Бир гана жолу бар тергөө аягына чыгыш керек", - дейт ал.

Буга чейин бир канча депутат пара берген адамды да жазалоо керектигин айтышкан.

Учурда Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, Башкы прокурор Индира Жолдубаева Өмүрбек Текебаевди камакка алуу боюнча маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан