Бүгүн Парламенттин жыйынында Башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын башчысы Абдил Сегизбеав депутаттардын суроолоруна жооп беришүүдө. УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев депутаттын Текебаев менен Омбудсмен жолукса болобу деген суроосуна төмөнкүчө жооп берди:
"Азыркы учурда депутат Өмүрбек Текебаев УКМКнын СИЗОсуна которулган. Убактылуу кармоочу жайга камакка алынган соң, аны менен жолугушууларды өткөрсө болот. Ошол эле учурда өлкөнүн акыйкатчысы дагы кирип анын өтүнүчүн угуп чыгууга мүкмүнчүлүгү бар".