Бакыт Төрөбаев "калыстык кыла албаса парламент тарасын" деди

Өмүрбек Текебаевдин камалышы президенттик шайлоого байланыштуу. Мындай пикирди 1-мартта парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айтып, депутаттарды калыс болууга чакырды. Төрөбаев кырдаалды парламенттин ичинде чечүүнү, маселени көчөдөн чечүүгө жол бербөө зарылдыгын баса белгиледи.

"Бизди эл шайлаган. Оор кырдаалды парламент өзүбүзгө алып, көчөгө чыгарбайлы. Эгерде андай кыла албасак, анда парламент таркасын. Башка шайлоо болсун, жаңыча жашоого бурулалы", - деди Төрөбаев.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Депутат "коррупция", "алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан