Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жергиликтүү тургундар "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге боштондукту талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта SUPER.KG порталына аталган партиянын Жалал-Абад облусундагы координатору Алмаз Мустапакулов билдирди.
Анын айтымында, аялдар 8-Март майрамын Ош-Бишкек жолунун боюна тигилген боз үйдө тоскону жатышат.
"Өмүрбек Текебаевди колдогон Базар-Коргон районунун жашоочулары 27-февралдан бери күн сайын митинг өткөрүп жатышат. Жаан-чачын болгон күндөрү да нааразычылыкка чыккандардын саны азайган жок. Бүгүнкү күндө 200дөй адам ар күнү Ош-Бишкек жолунун боюна тигилген боз үйгө чогулуп жатышат. Эртең Баатыр энелер 8-Март – аялдардын эл аралык майрамын боз үйдө тоскону жатышат", - деп билдирди Мустапакулов.
Эске салсак, жергиликтүү тургундар буга чейин Ош-Бишкек жолун тосуу аракетин да көрүшкөн.