"Ата Мекен" партиясы президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча сотко кайрылды

"Ата Мекен" партиясы президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары боюнча сотко кайрылды. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, доо арыз Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна берилди.

"Алмазбек Атамбаевдин "Ата Мекен" партиясын "сасык партия", анын лидерин "мародёр" деп атаганын кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алабыз. Биз Атамбаевдин партияга карата айткан сөздөрүн төгүндөөсүн соттон суранабыз", - дейт Токтакунова.

Эске салсак, 6-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан.

"Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Өлкө башчысынын айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан