"Парламенттин тарап кетишин президент колдоп жатса, Данияр Аттокуров мамлекет башчыга каршы чыгып жатат", - деп бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров билдирди.
Ал депутаттарды "популисттик билдирүү жасады" деп бири-бири күнөөлөбөөгө чакырды.
Буга чейин КСДП фракциясынын депутаты Данияр Аттокуров "Бакыт Төрөбаевдин "парламент тарап кетели" деген сөзү популисттик болбосо "Өнүгүү-Прогресс" фракциясы кетүү боюнча чечим чыгарып берсин", - деген оюн айткан.