2016-жылы кылмыштардын саны азайды. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын жыйынында Башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогулов билдирди.
Анын айтымында, кылмыш жасагандардын саны 2015-жылга салыштырмалуу 0,8 пайызга кыскарган.
"Жалпы 16 607 адам кылмыш жасаган, алардын ичинде жазык жоопкерчилигине 13542 адам тартылган, 2 211и аялдар, 1050сү жашы жетпегендер, 154 укук коргоо органынын кызматкерлери, 130 аскер кызматкерлери. Алардын ичинде 15 965и Кыргыз жараны болсо, 2 035 чет элдиктер болгон", - деди ал.
Учурда Башкы прокуратуранын 2016-жылдагы Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун жана аларды бекемдөөдө прокуратура органдарынын аткарган иштери боюнча отчёт берилип жатат.