Бекболот Миңбаев Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарынын мэринин милдетин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 43-беренесинин 1-пунктунун 6-бөлүмүнө ылайык, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Бекболот Миңбаев мэрлик кызматка 2013-жылы 28-январда шайланган эле.