Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыктын пландарын талкуулашты

Бүгүн, 20-мартта Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын башчысы Владимир Путин эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулушунун 25 жылдыгына байланыштуу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, эки мамлекеттин башчылары стратегиялык өнөктөштүккө негизделген кыргыз-орус мамилелери элдин түпкү кызыкчылыктарына жооп берерин белгилешти. Алар коопсуздук багытында өз ара аракеттешүүнүн натыйжалуу механизмдерин калыптандырышканын баса белгилешти. Тараптар регионалдык жана эл аралык уюмдардын алкагында активдүү кызматташып жатканын билдиришти.

Мындан ары саясий диалогду бекемдөөнүн жана бардык конкреттүү макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүү экени айтылды.

Андан тышкары жакынкы келечекте эки тараптуу кызматташтыктын пландары, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана башка уюмдардын алкагындагы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттешүүнү өркүндөтүүнүн маселелери да талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан