Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 12 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент Алмазбек Атамбаев 2005-жылдын 24-мартындагы революциянын 12 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Өлкө башчынын кайрылуусунда булар айтылды:

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн өлкөбүздө өзүбүз “Март элдик революциясы” деп атаган, ал эми дүйнөлүк коомчулукка “Жоогазын революциясы” катары белгилүү 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын жылдыгы белгиленип жатат. Кыргыз эли Акаевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна каршы жапырт көтөрүлүп, революция жеңди.

Бирок Март элдик революциясынын эң башкы тарыхый сабагы – чыныгы революция жек көрүндү бийликти кулатуу эле эмес экенин калкыбыздын айкын түшүнгөнү болду. Элдик революциянын жеңишин, анын жетишкендиктерин өлкөнү кайрадан авторитаризмдин жана мыйзамсыздыктын сазына батыргысы келген күчтөрдөн коргоп калуу өтө маанилүү.

2005-жылы мартта эркиндик жана адилеттик үчүн күрөшкө чыккандар орто жолдон бийликти дагы башка, мурдагыдан да ач көз жана мыкаачы үй-бүлө басып аларын, ал эми революциянын идеалдары тебеленип-тепселип каларын билишкен жок. Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн башкаруусу саясатчылар менен журналисттерди куугунтуктоолор, аларды өлтүрүү, элдик байлыкты мурдагыдан да ашынган талап-тоноолор менен коштолду.

2010-жылдагы Апрель элдик революциясы Кыргыз өлкөсүнүн кайра жаралуусуна жол ачты. Акыркы жылдары өлкө көз карандысыздыгын бекемдөө, экономиканы өнүктүрүү үчүн жана элдин өз өлкөсүнө жана өз келечегине ишенимин ойготуу үчүн көп иштер жасалды. Зор аракеттер жана калкыбыздын кайратман эмгеги менен өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна сала алдык.

Урматтуу мекендештер!

2002-жылдагы Аксы окуясы, 2005 жана 2010-жылдардагы элдик революциялар Кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхындагы тагдыр чечкен окуялар болду. Бул кыргыз элинин эркиндикке жана адилеттикке карай катаал жана баатырдык жолундагы үч белес, үч ашуу сыяктуу. Биз муну эч убакта унутпайлы. Бул окуялардан сабак алалы.

Бүгүн өздөрүнүн тар кызыкчылыктары үчүн коомубузду бөлүп-жарып, өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салгысы келген саясатчылардын чагымчыл аракеттерине азгырылып-алданбоо өтө маанилүү.

Сүйүктүү Кыргыз өлкөбүздүн асманы ар дайым ачык болсун!

Өлкөбүз гүлдөп-өсүп, ар бир үйдө тынчтык жана бакубатчылык орносун!

Жаратканыбыз Кыргыз мамлекетин колдосун, элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан