Өкмөттүн жыйынында экономика министринин орун басары өлкөнүн аймактары бирдей өнүкпөй жатканын айтты

Аймактардын бирдей өнүкпөшү, калктын кирешелеринин кескин дифференциялашына алып келди. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттө өтүп жаткан жыйында экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

"Экономикалык өнүгүүнүн начар деңгээли жана өндүрүш секторунун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн төмөндүгү, жер-жерлердеги инвестициялык саясаттын натыйжасыздыгына алып келди. Ички дүң продукциясынын 70 пайыздан ашууну Бишкек шаарынын, Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын аймактык азыктарынын эсебинен түзүлүүдө. Аймактардын бирдей өнүкпөй жатканы өлкө ичинде жана мамлекеттин чегинен тышкары миграциялык агымдарды жогорулатат. Ички миграциянын агымдарынын бирдей эместиги, айрым шаарлардын социалдык жана өндүрүштүк инфратүзүмдөрүнө ашыкча оордукту күчөтөт", - деди ал.

Жыйында Экономика министрлиги 2017-2020-жылдарга карата аймактык саясаттын концепциясын бекитүү боюнча баяндама жасады. Бул баяндама жыйынтыгында өкмөт мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан